Компаниянын аймагын жасалгалоо

Жогоруда саналып өткөн иш-чаралар туруктуу мүнөзгө ээ, үнөмдөө жана сарамжалдуулук – мамлекеттин экономикалык коопсуздугунун башкы факторлору. Андыктан уюмдун иши ОЭР сарамжалдуу пайдалануунун эсебинен өздүк материалдык каражаттарын үнөмдөөгө эле багытталган эмес, ал ошондой эле курчап турган чөйрөгө терс таасирлерди азайтууга дагы мүмкүнчүлүк берет.

 

Куюу

Продукт менен байланышта болгон агрегаттар жасалган бардык тетиктер тамак-аш өнөр-жайында пайдаланууга уруксат берилген материалдардан жасалгандыгын белгилей кетүү керек. Куюу үчүн жабдуунун корпустары италиялык өндүрүштөн чыккан, даттын жана тышкы чөйрөнүн башка таасирлерине дуушар болбой турган дат баспаган болоттон даярдалат, аларды пайдалануу толугу менен коопсуз болуп саналат.

Технологиялык процесстердин механизациясы, өндүрүштүн жогорку өндүрүшү, адистердин кесипкөй чеберчилиги продукцияны коньякка болгон дүйнөлүк эталондорго ылайык чыгарылышын камсыз кылат. «Кыргыз Коньягы» Компаниясынын технологдору коньяк өндүрүшүнүн бардык баскычтарына кунт коюп көзөмөлдөө менен классикалык технологияларга берилгендигин кынтыксыз сактап келет. Көп жылдардан бери кадыр-барктуу эл аралык конкурстарда алынып келген көп сандаган сыйлыктар менен тастыкталган мыкты сапатка ээ.

Сактоо

Коньяк эмен челектеринде 3төн 25 жылга чейин жана андан көп убакытка чейин сакталат. Челектер жасалган материал өзгөчө мааниге ээ. Коньяктарда 500гө жакын компонент камтылат, ал эми абдан эскилеринде – 2000ден ашык. Алардын бардыгы эменден алынган спиртке өтөт.

«Кыргыз Коньягы» заводунун өндүрүштүк цехтери

Биринчи, ошондой эле экинчи кай натуу дагы “шарантандык” кайнатуу кубу (alambic charentais) деп аталган атайы кайнатуучу аппаратта ишке ашырылат. Ал адатта жезден жасалат, анткени бул металл вино кычкылдарынын таасирине чыдамдуу келет.

«Кыргыз Коньягы» жүзүмзарлары

«Кыргыз Коньягы» ЖЧКсы мурдагы Ала-Тоо совхозу, азыркы Кара-Жыгач айылында жайгашкан сатып алынган жүзүмзарларды кайра жандандыруу менен алектенет. Жүзүмдүн өстүрүлүп жаткан сорттору: Ркацители, Баян-Ширей, Плавай.