Куюу

Продукт менен байланышта болгон агрегаттар жасалган бардык тетиктер тамак-аш өнөр-жайында пайдаланууга уруксат берилген материалдардан жасалгандыгын белгилей кетүү керек. Куюу үчүн жабдуунун корпустары италиялык өндүрүштөн чыккан, даттын жана тышкы чөйрөнүн башка таасирлерине дуушар болбой турган дат баспаган болоттон даярдалат, аларды пайдалануу толугу менен коопсуз болуп саналат.

Технологиялык процесстердин механизациясы, өндүрүштүн жогорку өндүрүшү, адистердин кесипкөй чеберчилиги продукцияны коньякка болгон дүйнөлүк эталондорго ылайык чыгарылышын камсыз кылат. «Кыргыз Коньягы» Компаниясынын технологдору коньяк өндүрүшүнүн бардык баскычтарына кунт коюп көзөмөлдөө менен классикалык технологияларга берилгендигин кынтыксыз сактап келет. Көп жылдардан бери кадыр-барктуу эл аралык конкурстарда алынып келген көп сандаган сыйлыктар менен тастыкталган мыкты сапатка ээ.