«Кыргыз Коньягы» компаниясы – республикада эле эмес, ошондой эле анын чегинен тышкары дагы кеңири белгилүү болгон Кыргыз Республикасындагы ири коньяк өндүрүүчү.

Биздин ишкананын жарым кылымдык тарыхы – бул ата мекендик жана чет өлкөлүк вино жасоо тажрыйбасын чыгармачылык менен өздөштүрүү, продукцияны чыгарууну туруктуу өндүрүү жана эң эле алдыңкы технологияны жайылтуунун жолу.

Кыргыз коньяктарын чыгаруу боюнча жалгыз өндүрүш 1,7 га аймакты ээлейт, коньяктарды жана коньяк спиртин сактоо үчүн эмен челектерин жана бутыларды пайдалануу менен классикалык технология боюнча коньяк өндүрүүгө мүмкүнчүлүк бере турган жер төлөө жана жер астындагы кампалары бар.

Ушул тапта «Кыргыз Коньягы» Компаниясынын өндүрүшү убакытка жана ишкананын кубаттуулугуна дал келген сапаттуу жаңы деңгээлге коюлган: жаңы технологиялар, заманбап жабдуу, тажрыйбалуу жана мыкты адистер – технологдор бар.

Коньяктарды куюу жана сыртын кооздоо өндүрүмдүүлүгү саатына 3 миң шише болгон автоматтык итальялык жабдуу менен ишке ашырылат. «Кыргыз Коньягы» Компаниясынын жаңыланган линиясында коньяктын 14 төн ашык түрү, бренди жана коньяк ичимдиктеринин бир канча түрлөрү куюлат.

2008-жылы күчтүү ичимдиктерди куюу боюнча цех пайдаланууга берилген. «Кедр на коньяке», «Кофе на коньяке», «Вишня на коньяке», «Шоколад на коньяке» аталыштагы продукциянын жаңы түрлөрү иштелип чыгып, өндүрүшкө киргизилген.

Уникалдуу рецептура менен “Аршан” бальзамы өндүрүлөт. 2014-жылы «Кыргыз Коньягы» компаниясы «Алтын Мурас» («Золотое наследие») коллекциясын тааныштырды: «Старый город», «Фрунзе», «Пишпек», «Южная столица» брендиси. Бренди өзгөчө рецепт менен даярдалган. Ар бир ууртамдан чындап ырахат аласың. Бул күчтүү алкоголь ичимдиктери тажрыйбалуу баалоочуларга гана арналат.

«Кыргыз Коньягы» жүзүмзарлары

«Кыргыз Коньягы» ЖЧКсы мурдагы Ала-Тоо совхозу, азыркы Кара-Жыгач айылында жайгашкан сатып алынган жүзүмзарларды кайра жандандыруу менен алектенет. Жүзүмдүн өстүрүлүп жаткан сорттору: Ркацители, Баян-Ширей, Плавай.

Gallery image
Gallery image
Gallery image
Gallery image
Gallery image

«Кыргыз Коньягы» заводунун өндүрүштүк цехтери

Биринчи, ошондой эле экинчи кай натуу дагы “шарантандык” кайнатуу кубу (alambic charentais) деп аталган атайы кайнатуучу аппаратта ишке ашырылат. Ал адатта жезден жасалат, анткени бул металл вино кычкылдарынын таасирине чыдамдуу келет.

Сактоо

Коньяк эмен челектеринде 3төн 25 жылга чейин жана андан көп убакытка чейин сакталат. Челектер жасалган материал өзгөчө мааниге ээ. Коньяктарда 500гө жакын компонент камтылат, ал эми абдан эскилеринде – 2000ден ашык. Алардын бардыгы эменден алынган спиртке өтөт.

Gallery image
Gallery image
Gallery image
Gallery image
Gallery image
Gallery image
Gallery image
Gallery image
Gallery image
Gallery image
Gallery image

Куюу

Продукт менен байланышта болгон агрегаттар жасалган бардык тетиктер тамак-аш өнөр-жайында пайдаланууга уруксат берилген материалдардан жасалгандыгын белгилей кетүү керек. Куюу үчүн жабдуунун корпустары италиялык өндүрүштөн чыккан, даттын жана тышкы чөйрөнүн башка таасирлерине дуушар болбой турган дат баспаган болоттон даярдалат, аларды пайдалануу толугу менен коопсуз болуп саналат.

Технологиялык процесстердин механизациясы, өндүрүштүн жогорку өндүрүшү, адистердин кесипкөй чеберчилиги продукцияны коньякка болгон дүйнөлүк эталондорго ылайык чыгарылышын камсыз кылат. «Кыргыз Коньягы» Компаниясынын технологдору коньяк өндүрүшүнүн бардык баскычтарына кунт коюп көзөмөлдөө менен классикалык технологияларга берилгендигин кынтыксыз сактап келет. Көп жылдардан бери кадыр-барктуу эл аралык конкурстарда алынып келген көп сандаган сыйлыктар менен тастыкталган мыкты сапатка ээ.

Компаниянын аймагын жасалгалоо

Жогоруда саналып өткөн иш-чаралар туруктуу мүнөзгө ээ, үнөмдөө жана сарамжалдуулук – мамлекеттин экономикалык коопсуздугунун башкы факторлору. Андыктан уюмдун иши ОЭР сарамжалдуу пайдалануунун эсебинен өздүк материалдык каражаттарын үнөмдөөгө эле багытталган эмес, ал ошондой эле курчап турган чөйрөгө терс таасирлерди азайтууга дагы мүмкүнчүлүк берет.

 

Gallery image
Gallery image
Gallery image