Награды

«Кыргыз Коньягы» компаниясынын продукциясынын сапаты совет мезгилинен бери эле ар кандай эл аралык көргөзмө жана жарманкелерде диплом жана медалдар менен бир нече жолу белгиленген болчу.

1958

9 чоң жана кичине күмүш медаль.

1960

3 алтын, 2 күмүш медаль (Будапешт).

1964

1 күмүш медаль (Любляна).

1965

3 күмүш, 1 коло медаль (Тбилиси).

1966

1 алтын, 1 коло медаль (София).

1970

1 алтын, 1 күмүш медаль (Ялта).

1971

1 күмүш медаль (Чехословакия).

1972

1 күмүш медаль, 2-даражадгы диплом (Будапешт).

1972

1-даражадагы диплом (ЭЧЖК).

1974

Адистердин жамаатына вино жасоо тармагында жетишкен ийгиликтери үчүн коло медаль.

Постсоветтик мезгилде “Кыргыз Коньягы” компаниясы республикадагы коньяк өндүрүүчү — эң ири жана мыкты завод наамын ар-намыс менен көтөрүүсүн улантып жатат. Тирасполь ш. (Молдова, 1997-ж.) коньяктардын эл аралык биринчи конкурсунда катышууга уруксат берилген, коньяк өндүрүүчү 20 заводдун ичинде: — «Манас-1000» КС коньягы алтын медаль жана дипломго татыктуу болсо, «Кыргызстан» КВ жана «Манас» КВВК күмүш медалдарга жана дипломдорго татыктуу болушту, жөнөкөй коньяктар: 3 жылдыздуу Коньяк жана 5 жылдыздуу “Бишкек” Коньягы коло медалдарды жана дипломдорду алышкан.

Ереванда (Армения, 1997-ж.) өткөн элиталык коньяктардын конкурсунда, кыргыз коньяктары «Манас-1000» КС, «Манас» КВВК алтын медаль жана дипломдорго, «Кыргызстан» КВ коньягы күмүш медаль жана дипломго татыктуу болгон. Жүзүм жана винолордун Бүткүл Дүйнөлүк Ассоциациясы тарабынан уюштурулган «Крым-98» коньяктарынын эл аралык конкурсунда катыштырылган 92 коньяктын арасында «Манас-1000», «Манас» КВВК, «Кыргызстан» КВ жана «Бишкек»-5 коньяктары алтын медалдарга татыктуу болгон. Ошондой эле «Эко-98», «Бишкек-97», «Кыргызстан-99», «Кыргызстан-2001» жана «Кыргызстан-2002» эл аралык көргөзөмөлөрдө биздин коньяктар алтын медаль жана дипломдорго татыктуу болгон.

2003-жылы Ялта ш., июнь айынын аягында өткөн «Ялта. Алтын Грифон — 2003» эл аралык конкурсунда биздин коньяктар төмөндөгү медалдар менен сыйланышты: «КС «Манас эпосуна 1000 жыл» коньягы — алтын медаль, «Кыргызстан» коньягы — алтын медаль, КВВК «Манас» коньягы — күмүш медаль.

«Ялта. Алтын Грифон — 2006» XI эл аралык конкурсунда биздин ишкана өзүнүн коньяктарынын алтын коллекциясын койду, ал татыктуу баага ээ болуп 4 алтын медалга татыктуу болду: «Энесай» — 20 жыл сакталган, «Эпос» — 15 жыл сакталган, «Манас» — 10 жыл сакталган, жана «Кыргызстан»- 6 жыл сакталган, алардын ар бирине сапаттын алтын медалы ыйгарылган.

2007-жылы «Кыргыз Коньягы» компаниясы Тирасполдо өткөн «KVINT-2007» коньяктардын үчүнчү эл аралык конкурсунда 20 жыл кармаган “Энесай” аттуу өзүнүн коньяктарынын элиталык коллекциясы: 15 жыл сакталган – “Эпос”, 9 жыл сакталган “Элчи” жаңы коллекцияларын, сегиз жыл сакталган – “Элес”, 6 жыл сакталган “Арашан”, 5 жыл сакталган 5 жылдыздуу “Арашан” коньягын тааныштырган.

Эң эле жогорку деңгээлдеги үлгүлөрдүн өтө чоң тандоосунда калыстар тобу «Энесай» коньягына Гран-при, КС «Эпос» — алтын медаль, КВВК «Элчи» — күмүш медаль, КВВК «Элес» — алтын медаль, КВ «Арашан» жана 5 жылдыздуу «Арашан» сапатка бирден күмүш медалдарды ыйгарышты.

2008-жылы ишкана Москвадагы “Улуттук экономикалардын лидерлери” үчүнчү эл аралык саммитинде “Ардак Белгиси” сыйлыгына татыктуу болгон, бул өзүнүн тармагындагы лидер компаниянын сиңирген эмгегин баалоо болуп саналат.

2009-жыл «Кыргыз Коньягы» Компаниясы үчүн “түшүмдүү” болду, эл аралык кадыр-барктуу сыйлыктардан турган анык алтын жамгыр кайрадан бүткүл республика үчүн жалгыз жана уникалдуу болгон ишканага төгүлдү. “Кыргыз Коньягы” продукцияларына Мальта аралындагы эл аралык саммитинде “Европалык сапат” эл аралык сыйлыгы ыйгарылган.

“Жыл тандоосу” эл аралык фестивалынын жыйынтыктары боюнча төрт мезгилден бери: 2012, 2013 жана 2014-жылдарда «Бишкек» «Кыргыз Коньягы» ЖЧКсы” соода маркасы «Кыргызстандагы Коньяк #1” деп таанылса, «Кыргызстан» соода маркасы «Кыргызстандагы премиум класстагы #1 коньяк” номинациясында жеңүүчү табылып, “Арашан” соода маркасы «Кыргызстандагы бальзам #1» номинациясында жеңүүчү катары таанылган.

2012-жылдын 26-сентябрынан 28-сентябрына чейин «KVINT» Тирасполдук вино-коньяк заводунун негизделгендигинин 115 жылдыгына арналган «KVINT-2012» коньяктардын IV Эл аралык конкурсу өткөн.

Катышуучу 18 заводдун жана 68 номинант-үлгүлөрдүн ичинде «Кыргыз Коньягы» Компаниясы коньяктын 5 үлгүсүн койду жана алардын бардыгы сыйлыктар менен кайтып келди: ОС категориясындагы 30 жылдык “Бакай” коньягы ГРАН-ПРИ, 12 жылдык маркалык категориядагы коньяктар жана 9 жылдык КВВК категориясы бирден алтын медаль алышты жана акырында 6-7 жылдык “Кыргызстан” категориясындагы жана 5 жылдык “Арашан” бирден күмүш медаль алышты.

2013-жылдын май айында Москвада “Кыргыз Коньягы” компаниясынын коньяктары жана бальзамдары “Бүткүл россиялык марка (III миң жылдык) конкурсунда алтын белгиге татыктуу болду. ХХ1 кылымдын сапат белгиси» (Москва, БКБ, 2013-жылдын 17-майдын №43 Токтому, катталуу номери №02913В9312).

2013-жылы “Кыргыз Коньягы” компаниясы Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыгынын ээси болду.

МАМЛЕКЕТТИК СЫЙЛЫК

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-январындагы №57 Токтому менен Кыргыз Республикасынын 2013-жылдагы сапат боюнча сыйлыгы “Кыргыз Коньягы” ЖЧКсына чыгарылган продукциянын сапаты жаатында маанилүү жыйынтыктарга жетишүү жана сапатты башкаруунун жогорку натыйжалуу ыкмаларын жайылтуудагы зор жетишкендиктери үчүн ыйгарылды.