2016-жылдын 12-июлунда Минск шаарындагы Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Аткаруу комитетинде өнүмдүн жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жаатындагы жетишкендиктери үчүн 2015-жылы КМШнын сыйлыгын изденип алуу сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өткөн. Жеңүүчүлөргө сыйлыктарды Аткаруу комитетинин төрагасы – КМШнын аткаруучу катчысы Сергей Лебедев тапшырган.
КМШнын Экономикалык кеңешинин 2016-жылдын 18-мартындагы “2015-жылы КМШнын өндүрүмдүн жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жаатындагы жетишкендиктери үчүн сыйлыгын ыйгаруу жөнүндө” чечими менен “Кыргыз Коньягы” ЖЧКга (Кыргыз Республикасы) “Азык-түлүк товарларын жана айыл чарба өнүмдөрүн өндүрүү” номинациясында лауреат болгон.
Конкурс эки жылда 1 жолу өткөрүлөт, анда 1-этап улуттук болуп саналат. Улуттук этапта КМШ сыйлыгынын сынактык комиссиясынын катчылыгы болуп КР Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору эсептелет.
Конкурстун жыйынтыктары КМШнын Экономикалык кеңешинин, КМШ Аткаруу комитетинин, КМШ өлкөлөрүнүн Стандартташтыруу, метрология жана сертификациялоо боюнча улуттук органдарынын, МАС стандарттары боюнча бюронун, КМШ сыйлыгынын эксперттеринин жана конкурска катышкан уюмдардын эки жылдык ишинин жыйынтыгы болуп саналат.
Өткөн жылы Шериктештиктин сыйлыгын изденип алууга 5-сынак аяктады, ага КМШ өлкөлөрүнүн – Армениянын, Беларустун, Казакстандын, Кыргызстандын, Россиянын, анын ичинде Башкортостан Республикасынын ишканалары жана уюмдары катышты.
6 уюмга сынактын лауреаттары жана 6 уюмга дипломанттар наамы ыйгарылган. КМШ сыйлыгынын лауреаттары жана дипломанттары – КМШга катышкан мамлекеттердин эң мыкты уюмдары болгон.
Кыргыз Коньягы компаниясы – улуттук бренд, республикада гана эмес, анын чегинен тышкары жерлерде да кеңири белгилүү болгон, Кыргыз Республикасындагы ири коньяк өндүрүүчү. Ишкананын жарым кылымдык тарыхы – бул ата мекендик жана чет өлкөлүк шарап жасоо тажрыйбасын чыгармачылык менен өздөштүрүү, өндүрүмдү чыгарууну тынымсыз көбөйтүү жана эң алдыңкы технологияны киргизүү жолу.
“Кыргыз Коньягы” ЖЧК 2013-жылдагы сапат боюнча КР Сыйлыгын изденип алууга конкурстун лауреаты болуп саналат.