Бренддин тарыхы
Ири ишканалардын бири жана өлкөнүн символу
Ири ишканалардын бири жана өлкөнүн символу болгон Кыргыз коньягын чыгарган завод 1965-жылы “ШампанВинКомбинаттын” базасында иштей баштаган, бирок 1969-жылдан баштап 1,7 га өзүнчө аймакта жайгашкан. Заводдо жертөлө жана жер үстүндөгү жайлар бар, бул жерде көп классикалык технология боюнча даярдалган накта эмен челектерде жана чоң бөтөлкөлөрдө коньяк спирттери жана коньяктын ар кандай түрлөрү сакталат.
“Кыргыз Коньягы” компаниясы жүзүмдүн тандалма сортторун: Кара-Жыгач айылында (мурдагы Ала-Тоо совхозу) жайгашкан өзүнүн жүзүмзарларында өстүрүлгөн, Ркацители, Баян-Ширей, Плавай сортторун колдонот. Бул жердин климаттык шарттары шампан, шарап жана коньяк өндүрүү үчүн эң сонун ширелүү, эң негизгиси таттуу жүзүмдөрдү өстүрүүгө мүмкүндүк берет.