СЫЙЛЫКТАР
Завод
Завод

Совет доорунан кийинки мезгилде "Кыргыз Коньягы" компаниясы республикадагы эң ири жана мыкты коньяк чыгаруучу завод деген наамды татыктуу алып жүрүүнү улантууда.

Тирасполь шаарында (Молдова, 1997-ж.) коньяк чыгаруучу 20 заводдун арасында өткөн коньяктардын биринчи эл аралык конкурсунда: – «Манас -1000» КС коньягы алтын медаль жана дипломго, «Кыргызстан» КВ жана «Манас» КВВК коньяктары күмүш медаль жана дипломго, кадимки коньяктар: «Бишкек» 3 жылдыздуу коньяк жана 5 жылдыздуу коньягы коло медаль жана дипломго ээ болушкан

ИРИ ИШКАНАЛАРДЫН бири жана өлкөнүн символу

1958 – 9 чоң жана кичине күмүш медалдар

1960 – 3 алтын, 2 күмүш медаль (Будапешт)

1964 – 1 күмүш медаль (Любляна)

1965 – 3 күмүш, 1 коло медаль (Тбилиси)

1966 – 1 алтын, 1 коло медаль (София)

1970 – 1 алтын, 1 күмүш медаль (Ялта)

1971 – 1 күмүш медаль (Чехословакия)

1972 – 1 күмүш медаль, 2-даражадагы диплом (Будапешт)

1972 – 1-даражадагы диплом (ВДНХ)

1974 – шарап жасоо тармагындагы жетишкендиктери үчүн адистер жамаатына коло медаль

Завод
БРЕНДИНИН тарыхы

Ири ишканалардын бири жана өлкөнүн символу

Ереванда (Армения, 1997-ж.) өткөн элиталык коньяктар сынагында кыргыз коньяктары «Манас-1000» КС, «Манас» КВВК алтын медалдарга жана дипломдорго, «Кыргызстан» КВ коньягы күмүш медалга жана дипломго ээ болгон. Бүткүл дүйнөлүк жүзүм жана шарап ассоциациясы тарабынан уюштурулган «Крым-98» эл аралык коньяктар сынагында көрсөтүлгөн 92 үлгүнүн ичинен «Манас-1000» КС, «Манас» КВВК, «Кыргызстан» КВ жана «Бишкек»-5 жылдыз коньяктары алтын медалдарга татыктуу болушкан.
СЫЙЛЫКТАР музейи
Ошондой эле эл аралык көргөзмөлөрдө – «Эко-98», «Бишкек-97», «Кыргызстан-99», «Кыргызстан-2001» жана «Кыргызстан-2002» көргөзмөлөрүндө биздин коньяктар алтын медалдарга жана дипломдорго ээ болушкан. «Ялта. Алтын Грифон – 2003» эл аралык сынагында, 2003-жылдын июнь айынын аягында Ялта шаарында өткөн, биздин коньяктар төмөнкү медалдар менен сыйланышкан: «КС «Манас эпосуна 1000 жыл» коньягы – алтын медаль, «Кыргызстан» КВ коньягы – алтын медаль, «Манас» КВВК коньягы – күмүш медаль.
XI Эл аралык «Ялта. Алтын Грифон 2006» сынагында биздин ишкана коньяктардын алтын коллекциясын тартуулады, ал 4 алтын медалга татыктуу бааланды: «Энесай» – 20 жылдык, «Эпос» – 15 жылдык, «Манас» – 10 жылдык жана «Кыргызстан» – 6 жылдык, алардын ар бирине сапаттын алтын медалы ыйгарылды.