Завод
Завод бүгүн

ИРИ ИШКАНАЛАРДЫН БИРИ ЖАНА ӨЛКӨНҮН СИМВОЛУ

Биздин ишкананын жарым кылымдык тарыхы - Бул ата мекендик жана чет өлкөлүк шарап жасоо тажрыйбасын чыгармачылык менен өздөштүрүү, өнүмдөрдү чыгарууну көлөмүн тынымсыз көбөйтүү жана эң алдыңкы технологияларды киргизүү жолу.  

“Кыргыз Коньягы” компаниясы, Кыргыз Республикасындагы ири коньяк өндүрүүчү, керектөөчүгө коньяктын он төрт түрүн, жарым таттуу тундурмасынын беш түрүн, бальзамдын жана күчтүү алкоголдук ичимдиктерди баалоочулар үчүн брендинин беш түрүн сунуштайт.

Коньякты жаратуу

Чеберчиликтин сырлары

Ар бир бөтөлкөнүн аныктык сертификатында көрсөтүлгөн идентификациялык номери бар. Жасалгалоодо майда-чүйдөсүнө чейин эске алынган. Италияда жасалган бөтөлкөнүн бөтөнчө жасалышы көрүүчүлөрдүн көңүлүн бурат.

Өндүрүлгөн күнү коюлган жерде жасалманы жокко чыгаруучу тыгынды бекитүү каралган. Иштеп чыгуучулардын стандарттуу эмес чечими коньяктардын аталышында, даамында жана коздоодо көрсөтүлгөн.

Завод
Бренддин тарыхы

Ири ишканалардын бири жана өлкөнүн символу

Ири ишканалардын бири жана өлкөнүн символу болгон Кыргыз коньягын чыгарган завод 1965-жылы “ШампанВинКомбинаттын” базасында иштей баштаган, бирок 1969-жылдан баштап 1,7 га өзүнчө аймакта жайгашкан. Заводдо жертөлө жана жер үстүндөгү жайлар бар, бул жерде көп классикалык технология боюнча даярдалган накта эмен челектерде жана чоң бөтөлкөлөрдө коньяк спирттери жана коньяктын ар кандай түрлөрү сакталат.                

“Кыргыз Коньягы” компаниясы жүзүмдүн тандалма сортторун: Кара-Жыгач айылында (мурдагы Ала-Тоо совхозу) жайгашкан өзүнүн жүзүмзарларында өстүрүлгөн, Ркацители, Баян-Ширей, Плавай сортторун колдонот. Бул жердин климаттык шарттары шампан, шарап жана коньяк өндүрүү үчүн эң сонун ширелүү, эң негизгиси таттуу жүзүмдөрдү өстүрүүгө мүмкүндүк берет.  
Мыкты коньяк
Ар кандай мыкты коньяктын негизи – табигый жүзүм шарабын эки жолу тартуу аркылуу алынган жогорку сапаттагы коньяк спирти, ал эң мыкты табигый шарап материалынан – Чүй өрөөнүнүн идеалдуу топурак-климаттык шарттарында өскөн жүзүмдүн тандалма сортторунан даярдалат, ал жерде кыргыз коньягынын өзгөчө жыты жана даамы жаралат. «Кыргыз Коньягы» ЖЧК